Жогорку Кеңеште премьер-министр Улукбек Марипов ант берди | Эркиндик Медиа

Жогорку Кеңеште премьер-министр Улукбек Марипов ант берди

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министр Улукбек Марипов ант берди. Ант берүүгө президент Садыр Жапаров катышууда.

“Мен премьер-министр кызматына киришип жатып, өз милдетимди так аткарууга ант беремин. Бузган учурда жоопкерчилик тартууга даярмын”, – дейт ал.

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралып, жактырылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин парламенттин тийиштүү комитетинде каралып колдоо тапкан.